С. Шойгу: ЖККУга мүчө мамлекеттер талибдердин чабуулуна даяр турушу керек

С. Шойгу: ЖККУга мүчө мамлекеттер талибдердин чабуулуна даяр турушу керек

«Талибан» кыймылы Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек ара аймагын көзөмөлгө алды. Бирок коңшу өлкөлөргө кол салбоого убада берди. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри билдирди. Деген менен Шойгу ЖККУга мүчө мамлекеттер талибдердин чабуулуна жана провокациясына даяр болушу керектигин эскертти. Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Ооганстандагы кырдаал катуу курчуп жатат. Бул келишпестиктин натыйжасында өлкөнү миграциялык каатчылык каптады. Бүгүнкү күндө 18 миллиондон ашык адам гуманитардык жардамга муктаж. Жарандар талибдердин көзөмөлүнө өткөн шаарлардан массалык түрдө чыгып кетүүдө. 4 миллионго жакын бала мектепке барууну калса, 400 миңге жакыны үйлөрүн таштап, башпаанек издеп жүрөт. ЮНИСЕФ жабыркаган качкындарга жардам берүү үчүн ичүүчү суу жана гигиеналык каражаттарды тарата баштады. Бирок конфликттин күчөшүнөн улам ал токтоп калышы мүмкүн.

Стефан Дюжаррик, Буунун башкы катчысынын басма сөз катчысы:

- Жыл башынан бери 390 миң адам үйүн таштап кеткен. Бугу айынан бери абал абдан татаалдашып кетти. Кесиптештерибиздин айтымында, теке айынын 1нен баш оона айынын 5не чейин Кабулга 5800 адам келген. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлдү. Көбү досторунун жана туугандарынын үйлөрүндө жашап жатышат. Бирок талаада калууга аргасыз болгон мигранттар дагы жок эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков