Токаев шайлоочуларды айыл акимдерин шайлоого жигердүү катышууга чакырды

Токаев шайлоочуларды айыл акимдерин шайлоого жигердүү катышууга чакырды

Теке айынын 25и күнү Казакстанда биринчи жолу айыл акимдерин түз шайлоо өтөт. Президент Касым-Жомарт Токаев жалпы казакстандыктарды добуш берүүгө катышууга чакырды.

«Бул окуя саясий жаңылануунун жаңы баскычы башталганын билдирет. Элдин кызыкчылыгын көздөгөн бардык зарыл өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашыруу зарыл», - деп мамлекет башчы твиттер-аккаунтуна жазды.

Айта кетсек, президент айыл акимдерин түз шайлоонун зарылдыгы жөнүндө 2020-жылы аяк оона айынын бириндеги кайрылуусунда айткан болчу. Эске салсак, шайлоо өлкөнүн 14 аймагынын 176 районундагы 730 шайлоо тилкесинде өтөт.