Көз карандысыз Казакстанды калыптандыруудагы президенттик институт

Эгемендүү Казакстандын калыптанышы менен өнүгүшүндө президенттик институт негизги ролду ойнойт. Бул жаатта өлкө СССР курамынан көз карандысыз мамлекет катары бөлүнүп чыккан учурдагы кырдаалды оң кабыл алган жападан жалгыз өлкө болгон, деп белгиледи Казакстандын Туңгуч Президенти китепканасы башчысынын орун басары Ботагөз Каипова. Анын айтымында, эгемендүүлүк жылдарында Казакстан өз чек араларын каттоо, туруктуу экономиканы түзүү, коомдо тынчтыкты жана туруктуулукту калыптандыруу сыяктуу бир топ ийгиликтерге жетишти.

БОТАГӨЗ КАИПОВА, КАЗАКСТАНДЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- 90-жылдары Советтер Союзун камтыган окуянын кандай болгонун баарыбыз билебиз. Айрымдар үчүн бул демократиянын башталышы болсо, кээ бирлери үчүн социалдык-экономикалык абал начарлап кеткендей болду. Бирок Эл Башы ошондон бери акты ак, караны кара деп аныктады. Ал өз сөзүндө: социалдык же экономикалык мүнөздөгү ар кандай көрүнүштөр төмөндөөгө алып келиши мүмкүн, андыктан мындай учурда саясатты объективдүү жүргүзүү оң чечим болот деди. Мына ушундай принциптерди биз бүгүнкү күнгө чейин карманып келебиз.