Талибдер Борбордук Азияга коркунуч келтирбей тургандыгын айтты

Талибдер Борбордук Азияга коркунуч келтирбей тургандыгын айтты

Ооган талибдери Борбор Азия өлкөлөрүнүн бүтүндүгүнө шек келтирбөөгө убада беришти. Бул тууралуу кыймылдын өкүлдөрү менен Москвадагы сүйлөшүүлөр учурунда белгилүү болду, - деп билдирет Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайты.

Аны менен катар, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусия президентинин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Замир Кабулов өлкөнүн түндүгүндөгү абалдын туруксуздугуна тынчсыздануусун билдирип, талибдерди чыр-чатакты Ооганстан чек арасынан чыгарбоого чакырды. Өз кезегинде, делегациянын мүчөлөрү Борбор Азия мамлекеттеринин чек аралары менен өлкө аймагындагы чет элдик өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугуна кепилдик берди.

Ошондой эле, делегация өкүлдөрү бардык этностордун кызыкчылыктарын эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу өлкөдө туруктуу тынчтыкка жетишүүгө кызыктар экендиктерин жана исламдык ченемдердин чегинде адам укуктарын сактоого даяр экендиктерин билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков