Сириядагы кырдаал: элге жардам берүү механизмдери түзүлөт

Сириядагы кырдаал: элге жардам берүү механизмдери түзүлөт

Террордук топтор толугу менен жок болмоюнча аларга каршы күрөштү улантуу керек. Бул тууралуу «Астана форматындагы» эл аралык жолугушуунун жыйынтыгында өткөн басма сөз жыйынында президенттин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев билдирди. Анын айтымында, бул багытта аракеттердин солгундоосу мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, спикер белгилегендей, бүгүнкү күндө кырдаалды стабилдештирүү маселелеринен кийин эле Сирия элине гуманитардык жардам көрсөтүүгө басым жасоо керек. Бул аларды азык-түлүк менен камсыз кылууга, талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүүгө дагы тиешелүү. Айта кетсек, бул позицияны, сессиянын башка көптөгөн катышуучулары да колдоого алышты. Сириянын бардык аймактарында натыйжалуу жардам берүү механизмин түзүү - эл аралык коомчулуктун башкы милдети болуп саналат.

Александр Лаврентьев, Президенттин сирия боюнча өкүлү:

- Чек арадагы операциялар боюнча тиешелүү резолюцияны узартуу чечимин колдоо бул бир жыл мурунку карманууну сунуш кылган биздин позициябыз. Чек ара механизми жана гуманитардык жардамды ишке ашыруу - көмөк көрсөтүүнүн бир бөлүгү гана. Негизги басым инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүүнү жүзөгө ашырууда өлкө катары Сирия республикасына колдоо көрсөтүүгө багытталышы керек. Бул карапайым калктын азап-кайгысын жеңилдетүүнүн жана алардын кадимки жашоону баштоосунун бирден-бир жолу.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Женевада конституциялык комитеттин ишин калыбына келтирүү боюнча пикирлерин билдиришти. Александр Лаврентьев бул ишти создуктурбоо керектигин жана 6-чакырылыштын кийинки жыйыны жакынкы аралыкта өтүшү зарыл экендигин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков