Акимдерди шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү теке айынын 14ү башталат

Акимдерди шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү теке айынын 14ү башталат

Теке айынын 14дө Казакстанда райондук маанидеги шаарлардын, айылдардын, айылыдык округдардын акимдеринин шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги билдирди.

«Шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан тартып башталат жана шайлоого бир күн калганда жергиликтүү убакыт боюнча нөл саатта аяктайт. Ошентип, шайлоо алдындагы өнөктүк 2021-жылдын теке айынын 14дө жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн кийин башталып, 2021-жылдын теке айынын 24дө жергиликтүү убакыт боюнча 00:00дө аяктайт», - деп айтылат маалыматта.

Добуш берүү теке айынын 25де өтөт. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Казакстанда 2346 аким бар. Жаңы эрежелер киргизилгенден кийин алардын бардыгы кызмат мөөнөтү аяктаганда түз добуш берүү жолу менен шайланат. Ушул жылдын аягына чейин болжол менен 775 аким шайланат деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков