«Астана форматынын» катышуучулары Сириядагы абалды талкуулайт

«Астана форматынын» катышуучулары Сириядагы абалды талкуулайт

Сириянын аймагындагы кырдаал жана Женевадагы конституциялык комитеттин ишин жандандыруу - бул маселелер Нур-Султан шаарында өтүүчү «Астана форматы» катышуучулардын күн тартибиндеги негизги маселелер болуп саналат. Бул тууралуу Орусиянын президентинин Сириядагы өкүлү Александр Лаврентьев журналисттерге берген маегинде билдирди. Ошондой эле ал, Сириянын демократиялык күчтөрү менен Дамасктын ортосунда конструктивдүү диалогду орнотуу чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Мындан тышкары, бүгүнкү күнгө чейин согушчандардын оккупациясында турган Ат-Танф аймагындагы жагымдуу кырдаал жөнүндөгү абал да маанилүү маселелердин бири.

Александр Лаврентьев, Сирия боюнча орусия федерациясы өкүлчүлүгүнүн президенти

- Эң башкысы биз Сирияга максималдуу кысым көрсөтүү саясатын, сириялыктарды жамааттык түрдө жазалоо саясатын токтотуу үчүн дүйнөлүк коомчулукка ачык-айкын билдирүү жиберүүнү каалайбыз жана ага карабастан турукташтыруу чараларын, Сириянын экономикасын калыбына келтирүү чараларын баштоого аракет кылабыз. Бул биздин оюбузча буга чейинки Сирия элинин азап-кайгысын жеңилдетет деп ишенебиз.

Белгилей кетсек, бүгүн жыйындын катышуучуларынын ортосунда жабык талкуулар болот. Маалыматка ылайык, алардын арасында Башкы катчынын Сирия боюнча чабарманы Гейр Педерсен, куралдуу оппозициянын өкүлү - Ахмад Тома, ошондой эле ортомчу өлкөлөрдөн - Иран, Орусия, Түркиядан келген делегаттар, ал эми байкоочу катары - БУУ, Иордания, Ливан жана Ирактын өкүлдөрү бар. Эртең эки тараптуу жана үч тараптуу консультациялар, сириялык тараптар менен сүйлөшүүлөр жана байкоочулар менен байланыштар мерчемделген. Теке айынын 9да - кеңешмелердин жана Пленардык сессиянын уландысы болот. Мындан тышкары, «Астана форматындагы» жолугушуунун алкагында, мажбурлап кармалган адамдар боюнча жумушчу топтун жыйыны өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков