Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөршүүлөрдүн кезектеги раунду өтөт

Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөршүүлөрдүн кезектеги раунду өтөт

Сириядагы кырдаал, ишенимди бекемдөө чаралары, анын ичинде туткундарды алмашуу, Сириянын Конституциялык комитетинин Женевадагы ишин жандандыруу. Бул жана башка маселелер Сирия боюнча 16-эл аралык жолугушуунун жүрүшүндө талкууланат. Ал эртең Казакстандын борборунда өтөт. Бүгүн жыйындын катышуучуларынын ортосунда жабык талкуулар болот.

Айта кетсек, алардын арасында Сирия боюнча Башкы катчынын чабарманы Гейр Педерсен, куралдуу оппозициянын өкүлү - Ахмад Тома, ошондой эле ортомчу өлкөлөрдөн - Иран, Орусия, Түркиядан келген делегаттар бар. Байкоочулар катарында - БУУ, Иордания, Ливан жана Ирактын өкүлдөрү. Эки тараптуу жана үч тараптуу кеңешмелер, сириялык тараптар менен сүйлөшүүлөр жана байкоочулар менен байланыштар мерчемделген. Теке айынын 9да кеңешменин уландысы жана Пленардык отурум болот. Мындан тышкары, Астана форматындагы жолугушуунун алкагында, мажбурлап кармалган адамдар боюнча жумушчу топтун жыйыны өтмөкчү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков