2020-жылы коронавирсука байланыштуу казакстандыктардын 70 пайызы аралыктан иштөөгө өткөн

2020-жылы коронавирсука байланыштуу казакстандыктардын 70 пайызы аралыктан иштөөгө өткөн

Аралыктан иштеген кызматкерлердин укуктарын коргогон мыйзам Сенаттын жалпы жыйынында кабыл алынды. Белгилей кетсек, бул документ парламент депутаттарынын демилгеси менен иштелип чыккан. Мыйзам долбоорун кароо учурунда сөз сүйлөгөн Сенаттын депутаты Нариман Төрегалиев бүгүнкү күндө аралыктан иштөө дүйнөлүк тажрыйбада жигердүү өнүгүп келе жаткандыгын айтты. Ошол эле учурда, аталган режимге өткөрүү боюнча тиешелүү мыйзамдардын жоктугу эмгек мамилелери жаатында кыйынчылыктарды пайда кылууда. Жаңы мыйзам бул жааттагы маселелерди жөнгө салып, аралыктан иштөөнүн укуктук базасын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Сенатордун айтымында, 2020-жылы казакстандыктардын 70% коронавируска байланыштуу аралыктан иштөөгө өткөн.

Нариман Төрегалиев, РКнын Парламенти Сенатынын депутаты:

- Мыйзам долбоорунун жоболоруна ылайык, өзгөчө кырдаал чараларын киргизүү, жарыялоо жана чектөө иш-чараларын, анын ичинде карантинди киргизүү учурунда убактылуу аралыктан иштеп жаткан учурда кызматкерди байланыш каражаттары менен камсыз кылуу жана чыгымдардын ордун толтуруу зарылдыгы иш берүүчү тарабынан аныкталат. Эгерде кызматкер өзүнүн байланыш каражаттарын туруктуу негизде колдонсо, анда иш берүүчү компенсация төлөй алат. Анын өлчөмү, төлөп берүү тартиби жана мөөнөттөрү тараптардын макулдашуусу менен белгиленет.

Эми эмгек мыйзамдарына «аралыктан» жана «аралыктан аралаш иштөө» түшүнүктөрү киргизилет. Аткарыла турган иштин көлөмү сакталган учурда иш берүүчү аралыктан эмгектенген кызматкердин айлык-маянасын толук төлөп берүүгө милдеттүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков