Мамлекеттик органдар жаңы тутумга өтөт

Мамлекеттик органдар жаңы тутумга өтөт

Улуттук өнүгүү планынын алкагында жыл аягына чейин мамлекеттик органдар жаңы тутумга өтөт. Бул тууралуу Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде Стратегиялык пландаштыруу жана реформа агенттигинин төрагасы Кайрат Келимбетов билдирди. Эске салсак, өлкөнүн 2025-жылга чейинки улуттук өнүгүү планы Мамлекет башчысынын жалган куран айынын 9дагы Жарлыгына ылайык бекитилген.

Кайрат Келимбетов, Казакстандын стратегиялык пландоо жана реформалоо агенттигинин төрагасы:

- Казакстан Республикасынын мамлекеттик стратегиялык пландоо тутумунун негизги маңызы – Туңгуч Президент – Эл Башы белгилеген милдеттерди, «Казакстан – 2050» Стратегиясын ишке ашыруу. Бул биздин негизги максатыбызга жетүү үчүн экономикалык программаларыбыз, башкача айтканда, 2050-жылга чейин Казакстанды эң өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кошууга арналган стратегиябыз. Аны иштеп чыгуу учурунда орто мөөнөттүү стратегиялар кабыл алынат. Алардын бири Улуттук өнүгүү планы болот.

Агенттиктин башчысы мамлекеттик башкаруунун негизги принциби адамга багытталгандыгын белгиледи. Улуттук өнүгүү планынын алкагында улуттук долбоорлор кабыл алынат. Өкмөттүк деңгээлде бекитилгендер үч жылдык бюджетке киргизилет. Белгилей кетсек, улуттук план үч негизги багыт боюнча 10 улуттук приоритеттин ичинен - жарандардын жыргалчылыгы, мекемелердин сапаты жана күчтүү экономиканы түзүү болуп саналат.

Асет Иргалиев, Казакстандын Улуттук экономика боюнча вице-министри:

Казакстандын 2025-жылга чейинки Улуттук өнүгүү планы жаңы экономикалык реалдуулуктарды эске алуу менен түзүлдү. Бул жашоонун бардык чөйрөлөрүндө кайтарылгыс түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу. «Адилеттүү социалдык саясат» жалпы улуттук артыкчылыктагы натыйжалуу иш менен камсыз кылуу жана социалдык кырдаалды камсыз кылууга багытталган тутумдуу чараларды ишке ашырууну көздөйт. «Жеткиликтүү жана натыйжалуу саламаттык сактоо тутуму» жалпы улуттук приоритети адамдардын ден-соолугун жакшыртууга, сактоого жана калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн туруктуу саламаттык сактоо тутумунун концепциясын иштеп чыгууну камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков