Казакстандын 2025-жылга чейинки жалпы улуттук артыкчылыктары

Казакстандын 2025-жылга чейинки жалпы улуттук артыкчылыктары

Калктын реалдуу акчалай кирешелери 2025-жылга чейин дээрлик 30% жогорулайт. Бул жакында эле өлкөнүн Президенти тарабынан бекитилген Казакстандын улуттук артыкчылыктары тизмесиндеги тапшырмалардын бири гана. Мамлекеттик мерчемдөө тутумунун жаңы куралы болгон документ үч негизги багыт боюнча он конкреттүү тапшырманы камтыйт: алар – жарандардын жыргалчылыгы, мекемелердин сапаты жана күчтүү экономиканы куруу.

Ошентип, «Ар тараптуу жана инновациялык экономиканы куруу» приоритетинин алкагында экономиканын чийки эмес тармагынын дүң кошумча наркын 89 триллион тенгеден ашык, ал эми кайра иштетүү өнөр жайын 15 триллион теңгеден ашык деңгээлге жеткирүү мерчемделүүдө. Ошондой эле, документте Дүйнөлүк экономикалык форумдун Глобалдык атаандаштык индексинде өлкө «Инновациялык дарамет» боюнча кеминде 70-орундан ылдый түшпөөнү максат кылгандыгы белгиленет.«Балансташтырылган аймактык өнүгүү» артыкчылыгына ылайык, калктын жергиликтүү аткаруу органдарынын ишинин сапатына канааттануу деңгээлин 80%чейин жогорулатуу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков