Өкмөт Президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча улуттук план кабыл алды

Өкмөт Президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча улуттук план кабыл алды

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кайрылуусун ишке ашыруу боюнча Улуттук план Өкмөттүн жыйынында жактырылды. 102 иш -чараны камтыган документте элдин жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча 5 демилгени жана 7 багытты ишке ашыруу көздөлгөн. Премьер-Министр Аскар Маминдин айтымында, Өкмөт пандемиядан кийинки мезгилде туруктуу жана сапаттуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармагын жакшыртуу, региондорду комплекстүү өнүктүрүү, эмгек рыногунун эффективдүү экосистемасын түзүү боюнча жигердүү чараларды көрөт.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Мамлекет башчысынын жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча демилгелерин ишке ашыруу Өкмөттүн ишинин маанилүү багыты болуп калат. Эмгек акыны жогорулатуу, жеке сектордун үлүшүн көбөйтүү, салык жүгүн азайтуу аркылуу реалдуу кирешелердин өсүшүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. Президенттин Кайрылуусун ишке ашыруу боюнча сунушталган Улуттук иш-чаралар мерчеми алдыга коюлган милдеттерге толугу менен шайкеш келет. Бардык жогорку жетекчилерге Пландын иш-чараларын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлөт.

Мамлекет башчысынын элдин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган 5 демилгесин ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чаралардын ичинен 2022 -жылдын үчтүн айынын 1нен тартып минималдуу эмгек акыны 60 миң теңгеге чейин көтөрүү, ишкерлерди эмгек акыны жогорулатууга шыктандыруу, пенсиялык топтоолорду батир сатып алуу үчүн «Үй-бүлөлүк банктагы» эсепке которууга уруксат берүү жана башкалар бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков