Казакстанда эң мыкты 10 стартап аталды

Нур-Султанда Astana Hub версиясы боюнча 10 мыкты стартап аталды. Алардын катарына инновациялык жана технологиялык өнүмдөр менен кызмат көрсөтүүлөрдүн ата мекендик иштеп чыгуучулары кирди. Мыктылар бир нече категория боюнча тандалып алынды.  Бул рыноктогу маанилүү жана көйгөйлүү маселелердин чечилиши, коом үчүн актуалдуулугу, бизнестин өнүгүү темпи, кесипкөй команданын болушу сыяктуу көрсөткүчтөр. Саламаттык сактоо, билим берүү, санарип экономика жана транспорттук тутумду өнүктүрүү, HR, маркетинг, соода жаатындагы долбоорлор лидерлердин катарына кирди. Белгилей кетсек, эң мыкты IT-стартаптар рейтинги жыл сайын жүргүзүлөт. Ал рыноктогу ата мекендик IT долбоорлордун арасынан ийгиликтүү оюнчуларды гана аныктабастан, өлкөдөгү IT-ишкердүүлүктүн өнүктүрүүгө түрткү берет. Ал эми эң башкысы - Казакстанга инновациялардын мындан аркы дагы өнүгүү багытын көрсөтөт.

АНДРЕЙ КРЮКОВ, ASTANA HUB ДЕПАРТАМЕНТИНИН АГА МЕНЕЖЕРИ:

- Кандайдыр бир IT-стартапты сатыкка коюу оңой. Биз биринчи кезекте стартаптын каржылык көрсөткүчтөрүнө көңүл бурдук. Себеби, ансыз мүмкүн эмес. Финансылык көз караштан алганда, команданын канчалык деңгээлде квалификациялуу экендигин түшүнүүгө болот. Серепчилер мыктыларды дыкаттык менен тандап алышты. Ал тургай 1-2 упай чечүүчү болду. Анткени мыкты стартаптар көп, ал эми күчтүүлөрдүн арасынан мыктыны аныктоо өтө эле кыйын.