Нур-Султан шаарынын туристтик дарамети

Нур-Султан шаарынын туристтик дарамети

Казакстандын заманбап борбору туристтер үчүн эң тартымдуу шаарлардын бири. Робот Кайрош келүүчүлөргө өлкөдөгү акыркы жаңылыктар жөнүндө маалымат берип, борбордун кооз жерлерине баруунун натыйжалуу жана кызыктуу жолдорун сунуш кылат. Ал «Байтерек» эстелигинде жайгашкан. Култемир эки тилде сүйлөйт жана ийилип салам берет. Ал тургай саякатчылардын урматына бийлеп да берет.

Данияр Омаров, «CityPass Kazakhstan» долбоорунун жетекчиси:

Ал «Байтерек» монументине келгендерди кызыктыра турган бардык жаңылыктар менен бөлүшүп, кеңеш берет. Ошондой эле, борбордун бул визуалдык комплексинде атайын экскурсияларды уюштурдук. Бардык адамдар саякаттын аталган түрүн акысыз колдоно алышат.

Виртуалдык турдун жардамы менен туристтер шаардын эң кооз жерлерин жогору жактан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Жогорудан шаар алаканга салгандай көрүнөт, дешет уюштуруучулар. Ал эми «CityPass Kazakhstan» программасынын жаңычылыктары саякатчынын алтын убактысын үнөмдөөгө өбөлгө болот. Бул эки кабаттуу автобус менен 70 пайыз жеңилдик менен шаардын 12 кооз жерин аралап, эки жолу саякаттоого мүмкүнчүлүк берген бирдиктүү смарт туристтик карта. Бул туристтик багытты чет элдик туристтер көп тандайт.

Данияр Омаров, «CityPass Kazakhstan» долбоорунун жетекчиси:

Шаарыбызга келген туристтер ситипас эмне экендигин жакшы билишет. Алар барган өлкөлөрүндө ушул сыяктуу кызматтарды көрсөткөн карталарды издешет. Бул багытта башка өлкөлөрдөгү долбоорлорду жакшылап изилдеп чыктык. Алардын арасындагы туризм тармагына тиешелүү эң натыйжалуу делген үлгүлөрүн өзүбүзгө киргиздик. Ошондуктан, биздин туристтик карталардын коллекциясы эң кызыктуу деп ишенимдүү айта алам. Көптөгөн адамдар бизден аны сурап жатышат. Эң көп колдонуучулар Орусия Федерациясынын жарандары. Андан кийин Франция, Италия, Беларусь жана Украинанын тургундары.

Буга кошумча, «CityPass» картасында коомдук транспортто саякаттоо, мыкты ресторандар менен мейманкана кызматына арзандатуулар жана 4 тилде жол көрсөтүүчү кеңештер камтылган. Бүгүнкү күндө 500 миңге жакын адам аталган картанын мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрдү. Аны Робот Кайроштон дагы сатып алууга болот. Мындай долбоорду Шымкент жана Түркестанда да ишке кошуу мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков