Казак тилиндеги аудиону заматта текстке айландырган тиркеме

Казак тилиндеги аудиону заматта текстке айландырган тиркеме

Мамлекеттик тил санарипке өткөрүлдү. Айтылган сөздү тербей эле, жазууга мүмкүндүк берген TezText мобилдик тиркемеси колдонууга берилди. Анын жардамы менен казак тилиндеги аудио жазууларды заматта текстке айландырууга болот. Бул үн таануу системаларын камтыган программа. Уникалдуу тутум профессионалдык терминдерден куралган. Азырынча тил моделинин фондунда 10 миңден ашык материал, башкача айтканда, 40 миллион сүйлөм жыйналган. Келечекте ага адамдардын ысымдары кошулуп, тыныш белгилери кошулат. Муну менен катар, колдонуучулар жаңы сөздөрдү киргизе алышат. Тиркемени акысыз жүктөп алууга болот.

Шон Бода, Нур-Султан шаары, АКШ элчилигинин пресс атташеси:

Бул долбоор АКШ элчилиги жана Казакстандагы Башкы консулдугу тарабынан ЖМК жана кесиптик журналистиканы өнүктүрүү максатында колдоого алынган көптөгөн долбоорлордун бири. Бул долбоор Казакстан үчүн гана эмес, АКШ үчүн дагы пайдалуу. Себеби, журналисттер маалыматты тез алып, тез кабар берсе, бул баарыбызга пайдалуу. Аны менен катар, бул долбоор казак тилдүү журналисттерге маалыматты жазууда же маектешүүдө жаздырылган аудиону текстке айландырып тез жана так которууга жардам берет. Ошондой эле, бул мыкты креативдүү чечим жана ЖМКны өнүктүрүү программасы алкагында колдоо тапкан долбоорлордун бири.

Которгон: Илгиз Жамалбеков