Алматыда Кореянын алдыңкы технологиялары киргизилиши мүмкүн

Алматыда Кореянын алдыңкы технологиялары киргизилиши мүмкүн

Алматыда Кореянын алдыңкы технологияларын киргизүү мерчемделүүдө. Мисалы, мегаполисте акылдуу мониторлор орнотулат. Түзмөктөр кайсы көчөлөрдө тыгындар пайда болгонун, каалаган жерге кантип тез жетүүгө болорун жана качан жамгыр жаай тургандыгын маалымдап турат. Мындан тышкары, айрым камералар адамды таанып билүүгө жардам берет. Ошондой эле, жасалма интеллект коронавируска чалдыккан адамдын багытын да аныктай алат. 

Ким Ген Хи, Пучхон шаарынын мэрия бөлүмүнүн башчысы: 

Биздин шаарда коронавируска чалдыккан адамдарды көзөмөлдөө тутуму бар. Эгер адам инфекция жуктуруп алып, шаарды кыдырып жүрсө, камера аркылуу биз андай адамды дароо аныктай алабыз. Бирок адамдар жеке маалыматтар коомчулукка ачыкка чыгып кетет деп коркушат. Бул купуя маалымат. Белгилей кетүүчү нерсе, ал эч жерде жарыяланбайт. 

Казакстанда жүзөгө ашырылуучу дагы бир акылдуу долбоор - бул унаа токтотуучу жай. Атайын мобилдик тиркеме аркылуу бош орундар жөнүндө маалымат алууга болот. 

Бүгүнкү күндө Алматы шаары Кореянын Транспорт министрлиги уюштурган сынакка катышууда. Анын жыйынтыгы бир айдан кийин белгилүү болот. Жеңишке жетишкен учурда, Алматы Корея Өкмөтү тарабынан каржылык жана техникалык колдоого ээ болот.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков