Транспорт-логистика тармагында жаңы адистиктер пайда болду

Транспорт-логистика тармагында жаңы адистиктер пайда болду

Жакынкы аралыкта транспорт-логистикалык тармакты жасалма интеллект жетектейт. Бул тууралуу каржы өнөр жайы тармактык серепчилерге шилтеме берүү менен билдирди.

Алардын айтымында, жакынкы жылдары жаңы технологияларды киргизүүгө байланыштуу автоматташтыруу кеңири масштабда жүргүзүлөт. Жакында сунушталган «Жаңы кесиптердин атласы» боюнча, алдыдагы убакытта бул жаатта 20 жаңы кесип пайда болуп, 9у алмаштырылып, 16сы толугу менен жок болот. Жаңы кесиптердин арасында траффикти башкаруу жана акылдуу логистика, интеллектуалдык транспорт системасын жоболоштуруу жана операторлору суроо-талапка ээ болмокчу. Салттуу кол менен техникалык кызмат көрсөтүү акырындык менен роботторго жол ачат. Мүчүлүштүктөр менен кемчиликтерди болжолдоо жана аныктоо сенсорлор аркылуу жүзөгө ашырылат. Суучулдар адистиктери да өзгөрүүдө. Аларды суу астындагы дрондордун операторлору деп аташат, анткени суу астында иштөө аталган шаймандын жардамы менен жүргүзүлөт. Бирок жасалма интеллекттин өнүгүшү менен бул адистиктер дагы жок болот. Серепчилердин пикиринде, бул 15 жылдан кийин ишке ашат. Ал эми азырынча эмгек рыногу мындай адистерге муктаж.

Которгон: Илгиз Жамалбеков