Central Asia Nobel Fest: билим берүүдөгү тренддер

Central Asia Nobel Fest: билим берүүдөгү тренддер

3,5 миллиарддан ашуун адамды санариптик билим берүү менен камтуу. Мындай максатты Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду койду. Central Asia Nobel Fest иш-чарасынын жүрүшүндө ЮНИСЕФтин глобалдык билим берүү программасынын башчысы пандемиянын тармакка тийгизген таасири жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, карантиндик чаралардын кесепетинен дүйнөдө бир жарым миллиарддан ашуун бала мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, сегиз жүз миллиондон ашык окуучу дале болсо аралыктан билим алууга аргасыз болууда. Бирок ал, бул кырдаал тармактын мүмкүнчүлүктөрүн кайрадан баалап, жаңы чечимдерди кабыл алууга түрткү болгондугун кошумчалады. Санарип технологиялардын жана инновациялардын масштабдуу киргизилиши бул жаатта жаңы шарттарды пайда кылды, дейт уюм өкүлү.

Роберт Дженкинс, ЮНИСЕФтин Билим берүү маселелери боюнча глобалдык программасынын башчысы

- Биз мерчемдеп жаткан санариптик окутуу негизги кызматтардын катарына киргизилип, билим берүүдө жакшы секирик жасайт деп ишенебиз. Дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү биринчи кезекте окуучуларга багытталган. Башкача айтканда, баланын жашаган өлкөсүнө жана кырдаалына карабастан, эң жөнөкөй санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө артыкчылык берилет. Ал эми санариптик окутуунун глобалдык куралдары ар бир өлкөнүн шартына ылайыкташтырылат.

Эске салсак, Илим жумалыгынын алкагында уюштурулган фестивалга экономика, билим берүү жана инновация жаатындагы дүйнөнүн алдыңкы адистери, Нобель жана башка беделдүү сыйлыктардын ээлери катышууда. Бул жылы онлайн форматында өтүп жаткан иш-чарага 20 миңден ашуун катышуучу чогулду. Каалоочулар үчүн бардык талкуулар YouTube каналында жеткиликтүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков