Нур-Султанда дүйнөлүк илим жумалыгы башталды

Нур-Султанда дүйнөлүк илим жумалыгы башталды

Нур-Султанда Нобель сыйлыгынын лауреаттары жана серепчилеринин катышуусу менен Дүйнөлүк илим жумалыгы онлайн форматта башталды. Ал чын куран айынын 16на чейин созулат. Жумалыкта эки негизги иш-чара өтөт: Экинчи Нобель фестивалы Central Asia Nobel Fest жана Казакстан менен Борбор Азия университеттерине арналган Нобель лекция жумалыгы.

«Келечекти ойлоп табуу» урааны менен өтүүчү фестивалга жалпысынан 50 спикер катышат. Алардын арасында 8 Нобель сыйлыгынын лауреаты, 9 Ийгиликтин лауреаты, бир катар белгилүү адистер менен бир катар дүйнөлүк серепчилер бар. Алар мүмкүнчүлүктөр экономикасы, билим берүү тенденциялары жана келечек индустриясы сыяктуу багыттар боюнча мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Адилет Амиров, Nobel Fest координатору:

- Азыр биздин өлкө пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүп жатат. Ал эми биз болсо келечекке көз чаптырып, адамдарга пандемиядан кийин эмне болоорун, кандай технологиялар жана инновациялар керек экендигин, лидер болуу, артта калбоо үчүн эмне кылуу керектигин көрсөткүбүз келет. Бул биринчиден. Ал эми экинчиден, жаркын келечекти түзүү менен биз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана дүйнөгө жаңы технологияларды көрсөтө турган келечек түзө алабыз.

Уюштуруучулардын айтымында, Эл аралык илим жумалыгынын 20 миң катышуучусуна 10 күндүн ичинде дүйнөдөгү алдыңкы новаторлордун, экономисттердин, иштеп чыгуучулардын жана илимпоздордун онлайн талкуулары, идеялары менен лекциялары жектиликтүү болот.

Адилет Амиров, Nobel Fest координатору:

- Биз бул иш-чараны Казакстан менен Борбордук Азиядан келген студенттер үчүн атайын уюштурдук. Башкы мамлекеттер катарына Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, ошондой эле, Кавказ жана Азербайжан кирет. Ошол өлкөлөрдүн көптөгөн адамдары бизге кошулат. Биздин спикерлер эл аралык деңгээлде тандалып алынган. Бул жагынан алганда биз чектеген жокпуз, мүмкүн болушунча көбүрөөк Нобель сыйлыгынын ээлерин кошууга аракет кылдык. Алар албетте, ар кайсы өлкөлөрдөн, Америка Кошмо Штаттарынан, Европадан, аны менен бирге, биз өзүбүздүн казакстандык баяндамачылар тууралуу да унуткан жокпуз. Бул иш-чарага эл аралык өнөктөштөр менен тажрыйба алмашып, баарлаша турган казакстандык компаниялардын башчылары дагы катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков