Агроөнөржай комплексин санариптештирүү

Агроөнөржай комплексин санариптештирүү

Казак талааларынан жылына 25 миллион тоннага чейин дан жыйналат. Адистер мындай натыйжаларга агроөнөржай комплексин санариптештирүү аркылуу жетишүүнү каалашат. Жаңы технологиялар айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берерин өкмөттүн жыйынында айыл чарба министри Сапархан Омаров билдирди. Анын айтымында, санариптик технологиялар тобокелдиктерди азайтып, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашып, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жана малдын өнүмдүүлүгүн көтөрүп, ошондой эле, агротехнологияларды өз убагында киргизе алат. Ага ылайык жаңы тапшырмалар: министрлер кабинетинин башчысы тармакта эмгек өндүрүмдүүлүгүн 2,5 эсе көбөйтүүгө жана экспорттун көлөмүн эки эсеге жогорулатууну тапшырды. Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 5 жылдын ичинде 100 миллион гектардан ашык айыл чарба жерлери санариптештирилет. Бул үчүн 50 миллиард теңге инвестиция талап кылынарын өкмөт башчы Аскар Мамин маалымдады.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-министри:

- Өсүмдүктөрдү жана мал чарбачылыгын санарипке өткөрүү 20% чейин түшүм алууга жана мал чарбачылыгын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда дыйкандардын чыгымдары 15% төмөндөйт. Жалпысынан келечекте санариптештирүүнүн эсебинен гана дан эгиндеринин түшүмү жылына 25 миллион тоннага чейин жогорулайт.

 

Фото: tobolinfo.kz