«Террикон өрөөнү»: Казакстандык ІТ компаниялар эл аралык рынокторду багындырууга даярданып жатат

«Террикон өрөөнү»: Казакстандык ІТ компаниялар эл аралык рынокторду багындырууга даярданып жатат

Казакстандык IТ компаниялар эл аралык рынокторду багындырууга даярданып жатат. Экспорттоодон мурун биринчи кезекте максаттуу аудиторияны, атаандаштыкты изилдөө, өнүмдү кардардын керектөөсүнө ылайыкташтыруу сыяктуу чараларды аткаруу керек. Ал эми быйыл ал үчүн атайын курстар уюштурулду. IT компаниялар менен фрилансерлер Карагандыдагы «Террикон өрөөнү» IT-хабынын базасында окутулат. 25 стартап-команда менен программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар үчүн алты аптага эсептелген акысыз курс түзүлдү, анда эл аралык серепчилер сабак өтүшөт.

Александр Бондаренко, «Террикон өрөөнү» кыймылынын катышуучусу:

- Биздин максат - 5 жыл ичинде маалыматтык технологиялар жаатында 10 миң адис даярдоо. Бул үчүн IT хабдардын базасында акселерациялык программалар ишке ашырылат. Бул стартаптар кабыл алынып, алардын бизнес модели иштелип чыгат жана керектүү шаймандар бериле турган программалар болуп саналат. Аларга бизнесте тажрыйбасы бар компетенттүү адам дайындалат. Бул стартапты өнүктүрүүгө жардам берет.

Террикон өрөөнүнүн фрилансерлерине арналган акселерация программасы Санариптик Өнүктүрүү, Инновация жана Аэрокосмостук Өнөр жай Министрлиги жана Борбор Азиядагы IT-стартаптар технопаркы - Astana Hubдын колдоосу менен ишке ашырылат.

Александр Бондаренко, «Террикон өрөөнү» кыймылынын катышуучусу:

- Көптөгөн стартаптар бар. Мисалы, жакында гүл саткан дүкөндөрдү жана гүл жеткирүү кызматтары менен алектенген компанияларды бириктирген жалпы аянтча пайда болду. Аталган платформа аларга кардарлар менен байланыш орнотууга, маркетинг чараларын жүзөгө ашырууга жардам берет. Мындан тышкары, учурда атайын портал иштелип чыгууда. Ал аркылуу ар бир каалоочу көчөттөрдү отургуза алат. Акысын өзү төлөп, бактын түрүн жана аны отургуза турган жерди тандай алат. Бул ушундай жарандык демилге.

Эске салсак, «Террикон өрөөнү» долбоору эки жыл мурун башталган. Анын негизги милдети - Карагандыда IT-индустриясын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ийгиликтүү долбоорлорго аймактын ичинде эле эмес, республикалык деңгээлде колдоо көрсөтүү.

 

 Фото: akchabar.kg