Казакстандык стартап чакан жана орто бизнеске көмөк көрсөтөт

Казакстандык стартап чакан жана орто бизнеске көмөк көрсөтөт

Казакстандык иштеп чыгуучулардын санарип өнүмдөрү дүйнөгө таанылган. Ата мекендик IT адистери жаңы мобилдик тиркемени ишке киргизишти. Аппараттын жардамы менен чакан бизнес ээлери 3 мүнөттүн ичинде интернет дүкөнүн ачып, бир нече жылдын ичинде сатууну 10 эсеге көбөйтө алышат. Азыркы учурда тиркемеге Кыргызстан, Украина, Молдова, Польша, Чехия жана Түркия сыяктуу 8 өлкөнүн 2500гө жакын жараны катталган. Алардын 2 миңи жигердүү колдонуучулар.

Бакытжан Дос, стартап-өнүмдү жасоочу:

- Бул соода борборлорундагы бутиктер, базарлардагы контейнерлер, наабайканалар, үй-бүлөлүк ресторандар, үйдүн тегерегиндеги чакан дүкөндөр болушу мүмкүн. Биздин колдонмонун негизги өзгөчөлүгү -  ар кандай чакан жана орто ишкана үчүн технологиялык өнөктөш боло алабыз. Башкача айтканда, өз шаарында же аймагында, өз тармагында мыкты болууну каалаган ишкерлерге көңүл бурабыз.

Бүгүнкү күндө Силикон өрөөнүндө ийгиликтүү иштеп жаткан стартап компаниясынын негиздөөчүсү жана иштеп чыгуучусу Бакытжандын айтымында, аталган өнүм көптөгөн пайдалуу кызматтарды камтыйт. Колдонмонун аркасында чакан бизнес ээлери ар кандай жолдор менен буйрутма бере алышат жана алардын онлайн сатуу жараяны кыйла тездетилген. Белгилей кетсек, иштеп чыгуучулар учурда тиркеменин бета-тестирлөөсүн аяктоодо жана аны мындан ары дүйнө жүзү боюнча жайылтуу ниетинде.

Бакытжан Дос, стартап-өнүмдү жасоочу:

- Биз жакынкы жарым жылдын ичинде өнүмдүн жигердүү колдонуучуларынын санын 20 миңге жеткирүүнү каалайбыз. Ар бир ийгилик биз үчүн маанилүү, ошондуктан ар бир жетишкендиктерибизди кылдат талдап чыгабыз. Тиркемени бизнеске ыңгайлаштыруу гана эмес, көптөгөн кызматтарды камтый турган масштабдуу мерчем бар. Ошондой эле виртуалдык өнүмдөр рыногун өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз.