Казакстандык окумуштуулардын иштеп чыгуулары тышкы рынокко чыгууда

Казакстандык окумуштуулардын иштеп чыгуулары тышкы рынокко чыгууда

Казакстандагы иштеп чыгууларга АКШ менен Австралиянын инвесторлору кызыгуучулук таанытууда. Алардын бири угуусу начарлар (дүлөйлөр) үчүн сөөктөн жасалган кулакчын. Галымжан Габдрешов өзүнүн командасы менен биргеликте түзгөн бул аппарат музыканын термелүүсүн таанууга жардам берет. Мындан тышкары ойлоп табуучу көзү азиздер үчүн да аппарат ойлоп тапты. Үн сигналдарынын аркасында ал адамдарга мейкиндикти багыттоого жана айланадагы объектилердин ордун аныктоого көмөктөшөт.

Галымжан Габдрешов, Иштеп чыгуучу:

- Мен көрүүнүн жоголушу менен эмнени алмаштырууга болот деген маселени көтөрдүм. Менин изилдөөм адамдын мээси активдүү үндөрдүн жардамы менен көрө аларын түшүндүргөн бир гана технология бар экенине алып келди. Мен эмитенттин түрүн, анын принцибин, таптакыр күтүлбөгөн, өнөр жайлык түзүлүштү таба алдым. Бирок биздин божомолубуз туура болуп чыкты. Ал эми көзү азиз адамдарга жасалган алгачкы сыноолор алар велосипед тебүүнү 7 күндө үйрөнүшкөнүн көрсөттү. Башкача айтканда, таптакыр көзү азиз адамдар.

Учурда иштеп чыгуу тобу алардын аппараты үчүн эл аралык патент алуу үстүндө иштеп жатат. Сөөктөн жасалган кулакчынды Кытайда өндүрүү мерчемделүүдө.

Нурбек Енсебаев, «Sezual» коммерциялык эмес уюмунун тең негиздөөчүсү:

- Бир гана АКШ, Австралия эмес, бизге Германия, Франция жана Африка мамлекеттери менен Түштүк Африка Республикасы өкмөттүк деңгээлде кат жазып, өз өкмөттөрүнө казакстандык бул өнүгүүнү колдоону өтүнүп, алардын өкмөтү биздин жетекчиликке чыгып, өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кайрылышты. Анткени ар бир аппарат кээде жашоонун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Кытай Эл Республикасы өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн казакстандык иштеп чыгуучулар тобу тарабынан башка ойлоп табууларды өндүрүүнү жолго койгон. Алардын бири Брайл окуу куралы. Ата мекендик адистештирилген мектептер үчүн окумуштуулар дефектологдор менен биргеликте шрифти түзүшкөн.

Галымжан Габдрешов, Иштеп чыгуучу:

- Негизги көйгөй алар өздөрү атап айткандай, көзү азиз бала үчүн эң маанилүү элементи бул – быдырларды окуу үчүн манжасын үйрөтүү болуп саналат.  Көпкө отуруп эмес, бирок ушунчалык тез.

Бекитилген Брайл арибинин негизинде ата мекендик иштеп чыгуучулар аталган өлкөлөрдүн кардарлары үчүн араб жана кытай нускаларын да түзүшкөн. Айта кетсек, жакын арада ойлоп табуучулар Казакстандык технологияларды сынап көрүүгө кызыккан көзү азиздер жана паралимпиадачылар үчүн атайын окуу жайлардын чакыруусу менен АКШга жөнөп кетишет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков