Казак окумуштуусу казакча үн билдирүүнү текстке айландырган тутум ойлоп тапты

Казак окумуштуусу казакча үн билдирүүнү текстке айландырган тутум ойлоп тапты

Казак окумуштуусу казак тилиндеги үн билдирүүлөрдү таанып гана тим болбостон, аларды текстке айландыруучу системаны иштеп чыкты. Өркен Мамырбаевдин долбоору бир убакта эки үндү бөлүп, жазуу үлгүсүн автоматтык түрдө эки каналга тартып алат. Интеллектуалдык система буга чейин социалдык тармактарда чат бот катары иштейт. Ойлоп табуу белгилүү нидерланддык компаниянын көңүлүн буруп, өнүмдү мындан ары өркүндөтүүнү сунуш кылган. Чет элдик тарап быйылкы жылдан кечиктирбестен системаны өзүнүн технологиясы менен интеграциялоого ниеттенүүдө. Башкача айтканда, казак тилин дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга жол ачылат. Азырынча үн билдирүүнү катка айландыруучу аппаратынын шайкештиги 60%ды түзөт. Жылдын аягына чейин сейрек жана татаал сөздөр кошулуп, бул мүмкүнчүлүк 90%га жетип, сөз байлыгы 5000 саатка толукталат. Өркен Мамырбаев илимий изилдөөлөрү казак тилин өнүктүрүүгө, аны заман талабына ылайык колдонууга багытталганын айтат.

Өркен Мамырбаев, долбоор автору, Маалыматтык жана эсептөөчү технологиялар институтунун мүдүрүнүн орун басары:

- Биринчиден, диалектини изилдөөгө болот. Экинчиден, акцентти аныктай аласыз. Үчүнчүдөн, адамдын эмоциясын аныктоого болот. Ал эми тилди идентификациялоого казак же орус тилинде сүйлөп жатабы дал ушуну аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Үчүнчүдөн, эркек сүйлөйбү, аял сүйлөп жатабы, жаш курагы кандай? Анда-санда кезиккен сөздөр бар аны да келечекте кошушубуз мүмкүн. Мисалы, экономикалык сөздүктөр, математикалык терминологиялык сөздүктөр менен алдыдагы убакытта иштөөгө болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков