Казакстандык окумуштуулар биогаз комлпексин ишке кошту

Казакстандык окумуштуулар биогаз комлпексин ишке кошту

Казакстандын агро өнөр жай комплексинин калдыктары биогаз комплекси аркылуу жок кылынат. Алматы облусунда ата мекендик окумуштуулардын жаңы долбоору ишке кирди. Чийки заттан жасалган жаңы аппарат жергиликтүү климатка ылайыкташкан. Бардык жараян атайын реакторлордо ишке ашат. Натыйжада толук кандуу биогаз өчүрүлөт дешет окумуштуулар. Калган биомасса тазаланып, жер семирткич катары колдонулат. Бир агрегат суткасына 16 тонна био жер семирткич жана 30 кубометр биометан өндүрө алат.

Салауат Дауылбаев, долбоордун башкы инженери:

- Био жер семирткич түшүмдүүлүктү жогорулатып, топуракка пайдалуу 100% таза өнүм чыгарат. Акыркы кездеги химиялык жер семирткичтер кыртыштын асылдуулугун бузуп жатат.

Өлкөдө мал калдыктарын кайра иштетүү боюнча ата мекендик технология жок. Ал эми чет өлкөлүк аналогдор катаал континенттик климатка туруштук бере алган жок. Ошондуктан дыйкандар ата мекендик окумуштуулардын жаңы иштеп чыгууларына кызыктар. Адистердин айтымында, көчмө автоматташтырылган түзүлүш чарба кожолуктарынын эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Едилхан Амиргалиев, долбоор жетекчиси

- Түштүк облустарда бир аймакта эки-үч жолудан түшүм алынат. Мындай учурлардын бардыгына жер семирткичтер керек болуп турат. Анын үстүнө бүгүнкү күндө жер семирткичтердин баасы көтөрүлүп жатат. Же химиялык жер семирткичтер. Биз сунуш кылган таза биологиялык жер семирткичтер.

Пилоттук долбоор үч жыл бою сыноодон өтөт. Ошондон кийин гана аппарат коммерциялык ишке киргизиле баштайт. Бул биогаз комплексин ишке ашырууга Илим фонду 240 миллион теңге бөлгөн.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков