Казакстандык биопрепараттар чет өлкөдө суроо-талапка ээ

Казакстандык биопрепараттар чет өлкөдө суроо-талапка ээ

Акыркы жылдары Казакстандын инновациялык өнүмдөрүн сатуудан түшкөн киреше 16 миллиард теңгени түздү. Казакстандык биологиялык заттар тышкы рынокто чоң суроо-талапка ээ. Маселен, микробиология жана вирусология институтунун заводунда чыгарылган 12 биологиялык препарат чет элге сатылат. Дарылар медицина, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, экология жана экономиканын башка тармактарына арналган. Бул тууралуу брифингде биология илимдеринин доктору, академик Аманкелди Саданов билдирди.

Аманкелди Саданов, микробиология жана вирусология институтунун башкы мүдүрү, биология илимдеринин доктору, профессор:

– Өнүмдөрдү өзүбүздө дагы сатып алып жатышат. Буга чейин чет өлкөлүк аналогдор бар болчу. Бүгүнкү күндө аларды Казакстандын рыногунан чыгардык десек болот. Ата мекендик өнүмдөрдүн сапаты чет элдик аналогдордон алда канча жогору. Бул менин эмес, керектөөчүнүн пикири. Эгерде товар жараксыз болсо, аны эч ким колдонгусу да, сатып алгысы да келбейт. Бүгүнкү күндө биз экспортко миллиарддаган өнүмдөрдү сатып жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков