Илим фонду: Экологиялык долбоорлорду колдоо

Илим фонду: Экологиялык долбоорлорду колдоо

Өлкөнүн Илим фонду тарабынан колдоого алынган долбоорлордун үчтөн бир бөлүгү экологиялык жаңы демилгелер. Жалпысынан казакстандык окумуштуулар акыркы беш жылдын ичинде бул багытта 40ка жакын уникалдуу долбоорлорду иштеп чыгышкан. Алардын бири - көмүртек кычкылы жана башка зыяндуу заттардын айлана-чөйрөгө чыгышын бир топ азайта турган атайын чыпкалар. Ойлоп чыгаруунун ээлери — Сокольский атындагы отун, катализ жана электрохимия институтунун адистери.

Арын Орсариев, илим фонду АК Башкарма төрагасы:

– Түтүккө жарым тегерек диск орнотулган, ал аркылуу жылуу аба өтөт. Мунун таасиринен чыпкалоонун ичинде күчтүү химиялык реакция пайда болот. Сокольский атындагы институтта иштелип чыккан атайын технологиялардын аркасында бөлүнгөн химиялык реакцияларды тазалоого мүмкүн. Чыпкалар көбүнчө көп катмарлуу болот. Алгач татаал химиялык кошулмалар алынып салынат, андан кийин көмүртек кычкылы толугу менен күйөт. Азырынча биздин долбоор уулуу газды тутанганга чейин күйгүзөт. Бирок, бул ишканаларга калдыктар үчүн төлөнө турган бааны бир нече арзандатууга мүмкүндүк берет. Ошого жараша алар андан пайда алып, эң негизгиси абанын булганбашына чоң салым кошот.

Бирок, мындай чыпкалар транспорт үчүн гана эмес, ошондой эле өнөр жай жана мунай өндүрүү үчүн ылайыктуу болуп саналат. Ата мекендик демилге өлкөнүн бир катар аймактарында экологияны жакшыртууга өз салымын кошту. Атырау, Актөбө, Кызылорда жана Павлодар облустарында уулуу заттардын чыгышынын көлөмү кыйла азайды.

Болатбек Хусайн, Д. В.Сокольский атындагы «Отун, катализ жана электрохимия институты» АК техника илимдеринин кандидаты:

– Каталитикалык нейтрализатор унаалардан жана өнөр жай объектилеринен чыккан газдарды тазалоого мүмкүндүк берет. Негизинен мындай катализаторлор транспорттун бардык түрлөрүнө орнотулат. Алардын кызмат мөөнөтү адатта болжол менен 100 миң километрди же бир жарым жылга жетет. Илим фонду менен бирдикте атайын цех курдук, азыр анын кубаттуулугу жылына беш миңге жакындады. Бирок өндүрүштү дагы деле кеңейтсе болот. Мындай муктаждык болсо, албетте, буйрутмалардын саны көбөйөт. Биз аларды жаңы жана иштеп жаткан унааларга орното алабыз.

Долбоор ишке ашырылган алгачкы бир нече жыл ичинде окумуштуулардын оригиналдуу өнүмү 336 миллион теңге киреше алып келди. Чет мамлекеттер, анын ичинде Монголия жана Кытай казакстандык адистердин ойлоп табууларына чоң кызыгуучулук артууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков