Казакстандык студенттер арасында алгачкы ирет ІТ мелдеши өтөт

Казакстандык студенттер арасында алгачкы ирет ІТ мелдеши өтөт

Борбор калаада жалган куран айынын 26-27 күндөрү «BILIM Hackathon-2022» IT сынагы өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги биринчи жолу студенттер жана программисттер арасында сынак уюштурат. Иш-чаранын негизги максаты - билим берүү тармагындагы жаңы IT сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле, бул тармакта жаш адистерди шыктандыруу болуп саналат. Мелдешке ар бир университеттен жана колледжден бирден команда катыша алат. Аларга ар кандай деңгээлдеги тапшырмалар берилет. Мисалы, эркин темада да, берилген темада да билим берүү тармагындагы санариптик чечимдер боюнча долбоорду иштеп чыгуу керек болот. Билим берүү хакатонунун байге фонду да бекитилди. Жеңүүчүлөргө 1,5 миллион теңге берилет. Калыстар тобуна белгилүү IT-компаниялардын өкүлдөрү кирди. Ал эми эң мыкты катышуучулар жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков