Түркестан облусунда акылдуу скважиналардын долбоору иштелип чыкты

Түркестан облусунда акылдуу скважиналардын долбоору иштелип чыкты

Түркестан облусунда акылдуу скважиналардын долбоору иштелип чыкты. Технологиялык объекттер күн батареяларынын жардамы менен жерден суу чыгарууга ылайыкталган. Жаңы технологиянын пайдасын жергиликтүү дыйкандар көрө башташты. Алардын бири мал чарбачылыгы менен алектенген Нурфараб Өтеген мал сугаруу иши бир кыйла жеңилдегенин айтат.

Кайырбек Мейирманов, райондук айыл чарбачылыгы бөлүмүнүн башчысы:

- Бизде облуста 1 миллион гектардан ашык талаа бар. Ал жерлерден мамлекеттик программа жана инвестициялык салымдардын эсебинен 73 кудук казылды. Тамчылатып сугаруу технологиялары бар. Андан кийин 55 ири мал фермасы бар. 11 кой чарбасы быйылкы жылга 1 миллиард 600 миң теңге долбоорунда мамлекеттик колдоо алды.

Созак районунда мамлекеттик программанын алкагында мындай 70тен ашык кудук казылды. Быйыл алыскы чарбалар үчүн кудуктар казылып, күндөн кубат алган батареялары орнотулуп берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков