Курулуш тармагындагы инновациялар: еврокоддор менен сейсмокоопсуздук

Курулуш тармагындагы инновациялар. Казакстан былтыртан бери бул жаатта европалык стандарттарды колдонууга толугу менен өттү. Демек, өлкөдөгү иштеп жаткан объектилер Еврокоддордун, башкача айтканда, европалык техникалык стандарттардын негизинде иштелип чыгууга тийиш. Адистердин айтымында, аталган жаңы талаптарга өтүүнүн натыйжасында өлкөдө 500дөн ашуун курулуш эрежелери жокко чыгарылды. Бирок, долбоорлоочу уюмдарга талап күчөдү. Бул эрежелер биринчи кезекте ушул тармакка инвестицияларды тартууга жана алдыңкы инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ата мекендик компаниялар тышкы базарларга Еврокоддорду колдонуп чыга алышат. Бүгүнкү күндө алар дүйнөнүн 45тен ашуун өлкөсүндө колдонулат. Учурда анын артыкчылыктарынын бири - заманбап курулуш материалдарын жана технологиясын колдонуу менен имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатып, сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылат. Ал эми ата мекендик куруучулар атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, эл аралык аренада кадыр-баркка ээ болушат. Серепчилер анын тажрыйбасы башка КМШ өлкөлөрү менен бөлүшүү деңгээлине жетет дешет. Еврокоддорго өтүү үчүн Казакстандын курулуш жана архитектура илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жооптуу болгон.

ЕРАЛЫ ШОКБАРОВ, ТЕХНИКА ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ, КАЗКСГЗИ ӨНДҮРҮШҮ БОЮНЧА БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

 - Казакстанда долбоор түзүү жүрүшүндө ар бир долбоордук уюм, мейли ал Европа, Франция, Италия же Германиялык компания болобу, алардын бардыгына коюла турган бирдей орток талаптар бар. Бул курулуш учурунда биздин улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү эске алат. Жергиликтүү аба ырайы, шамал, жаан-чачын, кар, сейсмикалык көрсөткүчтөр эске алынышы керек. Европалык базалык стандарттарды ишке ашыруу Казакстандын гана эмес, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, жергиликтүү сейсмикалык өзгөчөлүктөрдөн тышкары, эл аралык талаптарга ылайык темир куйматаш жана металл сыяктуу заманбап материалдарды колдонуу менен биотехнологиялык долбоор иштелип чыгат.