ASTANA HUB: 100дөн ашык IT-компанияны аялдар башкарат

ASTANA HUB: 100дөн ашык IT-компанияны аялдар башкарат

Маалыматтык технологиялар менен айымдардын айкалышы. Казакстанда IT-компанияларды башкарган аялдардын катары аз эмес. Өлкөнүн ишкер айымдары тарабынан түзүлгөн стартап-долбоорлор пайдалуу эле эмес, кирешелүү дагы. Кээ бир учурларда киреше эки эсе артат. Мындай ийгиликтүү технологиялык демилгелердин бирин Алина Абдрахманова ишке ашырган. Анын айтымында, бизнесте аялдардын үлүшү күн санап өсүүдө.

Алина Абдрахманова, стартаптын негиздөөчүсү, бизнес мектебинин деканы:

- Биринчиден, ар бир аял өз күчүнө ишенип, көз карандысыз болууга тийиш, өзгөчө каржылык жагынан алганда бирөөгө карап бош отурбоо кажет. Ал үчүн жаш кыздарга билимин такай өркүндөтүп, өзүнө жаккан жумуш табууга кеңеш берет элем. Кыздар үчүн карьера анчалык маанилүү болбошу керек. Өз жанын багууга көзү жеткен киреше булагы менен камсыз болууга маани берген туура. Бир сөз менен айтканда бутка бекем туруп алуу кажет.

Мындай туруктуу киреше булагы жаңы стартап болушу толук мүмкүн. Буга Алинанын демилгеси мисал боло алат. Ал өз командасы менен 360 градуста семинарларды жана иш-чараларды, жада калса масштабдуу концерттерди көрсөтүүгө мүмкүндүк берген платформа түзүшкөн.

Алина Абдрахманова, стартаптын негиздөөчүсү, бизнес мектебинин деканы:

- Биздин платформанын негизги артыкчылыгы мына ушунда. Өзүнүн айланасын толугу менен камтыган, башкача айтканда, 360 градуста тарткан камералар орнотулган. Мисалы, биздин долбоордун аркасында Димаш Кудайбергендин күйөрмандары дүйнөнүн каалаган жеринен сүйүктүү ырчысынын концертин көрө алышат. Бул технология аларга концертте отургандай элес калтырат. Башка күйөрмандар менен бирге кошулуп ырдай алат.

Бүгүнкү күндө мамлекеттин башкы технопаркында 600дөн ашык компания катталган. Алардын жүздөн ашыгын аялдар башкарат. Негизинен билим берүү тармагына байланыштуу долбоорлор.

Марья Жүнисова, Astana Hubтын колдоо кеңсесинин ага менеджери:

- Балдарды билим берүү платформалары, программалык камсыздоо, кызыктуу тиркемелер, менталдык арифметика боюнча окутуу. Муну менен катар, бул тизмеде компьютердик окууну толук сунуштаган Айти академиясын да белгилегим келет.

Астана хабынын маалымдашынча, IT-бизнеске көбүрөөк кыздар кайрылышат. Кошумчалай кетсек, Еврокомиссия өткөн жылы Европа Биримдигинде маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагындагы аялдардын үлүшү 17% жеткенин билдирген. Казакстанда бул көрсөткүч азырынча 5%ды түзөт.

.Которгон: Илгиз Жамалбеков