Бизнес-долбоорду өнүктүрүүгө 100 миллион теңге

Бизнес-долбоорду өнүктүрүүгө 100 миллион теңге

Бизнес-идеяны өнүктүрүүгө 100 миллион теңге! Казакстанда Startup Bolashaq долбооруна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат. Аталган долбоорго өз ишин жаңыдан баштаган стартапчылар менен катар, кесипкөй адистер да катыша алат. Башкача айтканда, өз ишине инвестиция керектелгендердин бардыгы. Конкреттүү багыт көздөлбөгөн, тескерисинче уюштуруучулар экономиканын бардык тармагын камтууну мерчемдеп жатышат. Бүгүнкү күндө 4 миңден ашык адам катышууга каалоолорун билдиришти. Алардын басымдуу бөлүгү жаштар.

Дунгенин Алишер, «Болашак» ассоциациясынын аткаруучу мүдүрү:

- Арыздар бирдин айынын 28не чейин кабыл алынат. Андан ары тандоо жүргүзүлөт. Жалган куран айынын аягында биз жарым финалга чыга турган 20 катышуучунун тизмесин жарыялайбыз. Алар Алматы шаарына барышат. Билет, тамак-аш жана жатаканага байланыштуу бардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан каржыланат. Жарым финал алкагында 20 катышуучу болот. Алардын ар биринин бизнес насаатчысы бекитилген. Алар бизнес планды кантип жазуу керек, инвестор менен сессияга кантип даярдануу керек, презентацияны кантип даярдоо керек деген сыяктуу суроолор боюнча өз жардамдарын беришет.

Белгилей кетсек, Startup Bolashaq сынагынын бешинчи сезону «Dragons' Den» дүйнөлүк реалити-шоусунун форматында өтөт. Башкача айтканда, катышуучулар инвесторлордон каржылык жардам алуу үчүн өздөрүнүн бизнес-идеяларын сунушташат. Жыйынтыгында 10 мыкты бизнес-долбоор 100 миллион теңгени өз ара бөлүшөт. Мурунку сезондордо утушка коюлган каражаттын суммасы 7 эсе аз болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков