Казакстандык илимпоздор муун ооруларын дарылай турган гидрогель ойлоп тапты

Казакстандык илимпоздор муун ооруларын дарылай турган гидрогель ойлоп тапты

Казакстандык окумуштуулардын ноу-хаусу. Алар өзөктүү клеткалардын негизинде гидрогель ойлоп табышты. Уникалдуу аралашма хирургиялык операциясыз кемирчекти жана сөөк ткандарын калыбына келтире алат. Окумуштуулардын айтымында, процедура жекече жүргүзүлөт. Дарыгерлер бейтаптын клеткаларын алып, биопсия анализин жасашат. Андан кийин алар илимпоздорго тапшырылып, алар үлгүлөрдү керектүү өлчөмгө чейин көбөйтүшөт. Мисалы, эки миллилитр гелди жасоо үчүн 20 миллион клетка керектелет.

Вячеслав Огай, профессор:

- Биз аларды дубликат колдонмо системасын пайдалануу менен аралашмаларды жасоо үчүн колдонобуз. Адегенде биринчи пробиркага полимер толтурабыз, экинчисине экинчи полимерди толтурабыз. Мунун баары алгач инвитро изилдөөлөрүндө ишке ашырылат. Башкача айтканда, пробиркада. Андан кийин алар жаныбарлардагы кемирчектин симуляциясын жасады. Мунун баары клиникага чейинки сыноолордо жүргүзүлдү. Бизде 8 эксперименталдык топ болду. Эксперименттик түрдө эң оптималдуу комбинация табылды. Гидрогелдин курамы артикулярдык кемирчектериндеги кемчиликтерди эффективдүү калыбына келтирет.

Катуу карама-каршы көрсөткүчтөр болбогон учурда, жашы менен жынысына чектөөлөр коюлбайт, дешет окумуштуулар. Химиялык курамдын аркасында гидрогель препараттардын чыгарылышын текшере алат. Деген менен ал аллергия пайда кылбайт. Учурда даяр препарат клиникалык сыноодон өтүп жатат.

Ерлан Раманкулов, Улуттук биотехнология борборунун башкы мүдүрү:

- 3 жыл ичинде биз сөңгөк клеткаларды кемирчектин эрозиясынын айрым кемчиликтерин оңдоо үчүн абдан эффективдүү колдонсо болорун ынанымдуу көрсөттүк. Кемирчекти толугу менен калыбына келтиребиз. Көйгөйдүн оордугуна байланыштуу 3 айдан 6 айга чейин созулушу мүмкүн. Азыр адистер тесттик топ түзө башташты. Болжол менен 100гө жакын адам.

Тесттин жыйынтыгы жайында белгилүү болот. Эми окумуштуулар башка да муундарды дарылоо үчүн гидрогелди иштеп чыгууну көздөп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков