Казакстандык IT адистер мамлекеттик сатып алуу системасын жакшыртууга салым кошот

Казакстандык IT адистер мамлекеттик сатып алуу системасын жакшыртууга салым кошот

«Innovation & Excellence Awards» эл аралык сынагында Казакстандын IT компаниясы кош байгеге ээ болду. Финалда ата мекендик адистер Улуу Британиянын мамлекеттик сатып алуулар кызматы жана энергетика тармагындагы дүйнөлүк лидерлери өкүлдөрүнөн алдыга озуп, эң мыкты деп табылды. Казакстандын долбоору мамлекеттик сатып алуулардын бардык этаптарында – мерчемдөөдөн баштап төлөөгө чейинки тобокелдик көрсөткүчтөрүн аныктоого багытталган.

Виталий Тренкеншу, компаниянын негиздөөчүсү:

- Биздин долбоор мамлекеттик сатып алуулардагы экономикалык коррупцияга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоого багытталган. Мисалы, эгерде буйратма берүүчү атаандаштыкты негизсиз чектесе жана товарды өз баасынан жогорку баа менен эч кандай тендерсиз сатып алууга аракет кылса. Биз ушундай учурларды аныктап, аларды белгилеп андан ары текшерүү үчүн аудиторлорго жөнөтөбүз.

Белгилей кетсек, аталган компания Казакстандын Башкы прокуратурасы, «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасы, Каржы министрлигинин Ички мамлекеттик аудит комитети, Каржы мониторинг агенттиги, ошондой эле, өлкөнүн бизнес жана квазимамлекеттик сектор менен иштешет.

Виталий Тренкеншу, компаниянын негиздөөчүсү:

- Биз мамлекеттик сатып алуулар системасында мамлекеттик акчаны үнөмдөөгө жардам беребиз. Азыркы учурда өлкө казынасына бир нече миллиарддаган акчаларды үнөмдөп жатабыз.

Мамлекеттик сатып алуулар системасынын максималдуу ачыктыгын камсыз кылуу маанилүү. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев бир нече жолу билдирген.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Мен бир нерсеге өзгөчө токтолгум келет. биринчиден бул албетте мамлекеттик сатып алуунун ачыктыгы. Мен бул тууралуу үчүнчү жыл катары менен айтып келе жатам. Азырынча олуттуу жыйынтык боло элек.

Шериктештик дараметинин горизонттору мындан ары да кеңеет. Ата мекендик адистер муну менен эле токтоп калбайт. Бул системаны коңшу мамлекеттерге киргизүү көздөлүүдө. Азербайжандын Каржы жана Экономика министрликтери жана Молдованын Эсеп палатасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков