«G-Global – XXI кылым дүйнөсү» II эл аралык конгресси

«G-Global – XXI кылым дүйнөсү» II эл аралык конгресси

Каржы рынокторун өнүктүрүү, экономиканын жана сооданын туруктуу өсүшүнүн жаңы жолдору, ошондой эле, дүйнөлүк мегаполистердеги акылдуу системалар жана санариптик мүмкүнчүлүктөр. Бул G-Global – 21-кылымдын дүйнөсү II Эл аралык конгрессинин делегаттары талкуулай турган негизги темалар. Баяндамачылардын айтымында, акылдуу шаардын мисалы иретинде өлкө борбору Нур-Султан шаарын айтууга болот. Бүгүнкү күндө мында эл аралык серепчилердин жогорку баасына ээ болгон «Digital Twin» уникалдуу долбоору ишке ашырылууда.

Ботагөз Касабек, Нур-Султан шаарынын Санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтар башкармасынын башчысы:

- Шаардын «Digital Twin» чөйрөсү азыркы убакытта 100 пайыз толук санарипке өттү. Борборубуздагы санариптик аналогия деген эмне, бул биринчи кезекте бүткүл шаарды 3D-2, 2-D системалары аркылуу санариптештирүү. Бардык жер участкаларын, бардык коммуникациялар, жол кыймылы, курулуш, архитектура жана жаратылыш менен өз ара аракеттенүү. Бүгүнкү күндө санариптик чөйрөдө 80ден ашык маалыматтардын катмары бар.

Белгилей кетсек, уюштурулган иш-чара өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана G-Global эл аралык долбоорунун 10 жылдыгына арналган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков