Казакстанда венчурдук инвесторлор мектеби ачылат

Казакстанда венчурдук инвесторлор мектеби ачылат

Казакстанда венчурдук инвесторлор мектеби кайрадан ачылат. Astana Hub VC School окуу курсунун бешинчи турунун алкагында катышуучуларды чогултууда. Стартаптарга жана IT-компанияларга инвестиция салуу көндүмдөрүн үйрөнүүнү каалагандар дүйнө жүзүндөгү алдыңкы венчурдук инвесторлордун жана жигердүү бизнестердин тажрыйбасы менен атайын курстарда тааныша алышат. Белгилей кетсек, курс акысыз. Дарска катышуучулар киреше жана тобокелдиктин ортосундагы балансты кантип табуу жолдорун, долбоорду кантип түзүү, мамилелердин негизги шарттарын түшүнүү сыяктуу көптөгөн актуалдуу суроолорго жооп таба алышат. Башкача айтканда, лекция окугандар ийгиликтүү долбоорлорго инвестиция салууга жана жеке кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берген сырлары жана көндүмдөрү менен бөлүшүшөт. Муну менен катар, эң башкысы, катышуучулар аталган тармактагы мыкты адистер менен таанышып, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Арыздар аяк оона айынын 20на чейин кабыл алынат, ал эми окуу аяк оона айынын 28и менен 30у аралыгында өтөт.

Аркадий Селезенев, Astana Hub башкаруучу мүдүрү:

Венчур инвесторлор мектеби дегенибиз акыл калчап, тобокелчиликке баруу дегенди билдирет. Башкача айтканда, ийгиликке жете албаган тогуз жигитке акча берүү үчүн, тилекке каршы, көп акылдын кереги жок. Ал эми коммерциялык киреше тапкан он жигитке же 10 пайызына акча берүү үчүн чоң тажрыйба жана акыл керек. Анткени ар кандай кырдаалда инвестордун негизги максаты - акча табуу, аны көбөйтүү. Ошондуктан VC School мектеби – бул сабаттуу инвестиция.

Которгон: Илгиз Жамалбеков