Astana Hub мыкты IT-стартаптарды каржылайт

Astana Hub мыкты IT-стартаптарды каржылайт

Казакстан менен КМШ мамлекеттеринин мыкты IT-стартаптары 20 миллион теңгеге чейин каржылоого ээ болушат. Astana hub келечектүү долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө даяр. Жакында колго алынган Seed Money программасына жаңы баштагандар да, тажрыйбалуу IT адистер да катыша алат. Негизги талап – өз өнүмү бар жана иштеп жаткан стартап болушу керек. Бул үчүн арыз берүүдөн баштап келишимге кол коюуга чейин, бардыгы алты баскычтан турган тандоо жараянынан өтүү зарыл. Технопарктын башкы мүдүрү Магжан Мадиевдин айтымында, кайрылгандардын саны күн санап өсүүдө. Алардын ичинен эң мыкты делген 35 долбоор тандалып алынат. Жеңүүчүлөр бизнести өнүктүрүүгө керектүү каражаттарды гана алышпастан, бекер окутуудан, насаатчылыктан, инвесторлорго чыгуу жана 500 IT -компаниянын жамаатына кирүү мүмкүнчүлүгү, салык жана виза жеңилдиктеринен, PR колдоого чейин мүмкүнчүлүк алышат.

Магжан Мадиев, Astana Hub башкы мүдүрү:

Каржылоого талапкер болуу үчүн бир нече талаптар коюлат. Биринчи этап - бул MVP же минималдуу жөндөмдүү өнүмдүн болушу. Бул кандайдыр бир функциясы бар, колдонуучулары бар жана сатылууга чыккан прототип өнүм. Экинчи этап Product/Market Fit деп аталат, бул үзгүлтүксүз сатууну талап кылат. Тактап айтканда, стартаптар 5, 10 жана 20 миллион теңге өлчөмүндө каражат алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков