Казакстандык программисттер казакча «Siri» түздү

Казакстандык программисттер казакча «Siri» түздү

Казакстандык программисттер «акылдуу» колонка түзүштү. Ал дээрлик бардык темада сүйлөшө алат, кеңеш берет жана аба-ырайы же валюта курсу сыяктуу суроолорго жооп берет. Ал мунун бардыгын казак тилинде айтат. Түзүүчүлөрдүн айтымында, гаджеттин башкы милдети мамлекеттик тилди жайылтуу.

Нургожа Калиаскаров, IT-холдингдин долбоор менеджери

- Айтсак, жигердүү иштеп чыгуу үчүн ушундай жекече умтулуу түрткү болду десек болот. Азыр биз олуттуу буйрутмачылар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле, башка тилдердин базасында, үн жардамчылары, акылдуу колонкалар жана ушул сыяктуу үндү таануу чечимдери ишке киргизиле элек башка тилдердин базасында дагы иштетүүгө мүмкүндүк бар. Биз алдын ала буйрутма алабыз. Жабык тестирлөө жүргүзөбүз.

Азырынча үн жардамчысынын аталышы жок. Түзүмдүн тышкы көрүнүшү дагы деле иштелип жатат. Бирок анда сөзсүз улуттук атрибуттар болот. Гаджеттин диапазон мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейтилет. Болжол менен жылдын соңуна карата ал массалык сатууга толук даяр болот. Мобилдик тиркеме форматында пайдалануу мүмкүндүгү дагы күтүлүүдө.

Динара Алимова, сөз сүйлөтүү технологиясы лабораториясынын жетекчиси

- Биз 2019-жылдан иштей баштадык. Бул абдан узак жүрүм. Биз маалыматтарды колго чогулттук, башкача айткана, биздин башкы байлык – биз иштеген маалыматтар. Аудио жана тексттен турган маалымат бизде дээрлик 5 миң саатка барабар. Биздин казакча жана аралаш тилдеги сөздөрдү таануунун тактыгы азыр 75% түзөт, башкача айтканда, биз 80% дагы жакындап калдык. Бул өлкөдөгү эң чоң көрсөткүч.

Андан тышкары, ушул эле долбоордун алкагында казакстандыктар казак тилиндеги аудиону спичлаб сайтында текстке айланта алат. Бул технология виртуалдык ассистенттер, начар көргөн адамдар, навигациялык жана башка системалар үчүн чоң жардам болот.