Нур-Султан коронавирус боюнча «кызыл» аймакта калууда

Нур-Султан коронавирус боюнча «кызыл» аймакта калууда

Борбор калаа коронавирустун жайылышы боюнча «кызыл» зонада калууда. Өткөн суткада борбор калаанын 413 жашоочусуна COVID-19 диагнозу коюлган. Өлкөдө коронавирус менен ооруган бейтаптардын саны 1248 адамга көбөйдү. Вирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орундагы Караганды облусунда 146 учур катталды. Үчүнчү орунда 117 бейтап аныкталган Алматы турат. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 411 миңден ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 1 миллион 753 миң 969 казакстандык коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин тең алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков