Казакстандын вакцинациялоо паспорту Венгрияда таанылды

Казакстандын вакцинациялоо паспорту Венгрияда таанылды

Венгрия Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Казакстандын вакцинациялоо паспортун тааныган өлкө болду.

Иммундаштыруу паспорттору Казакстандыктардын ПЧР-тестин тапшырбай, карантин мөөнөтүн өткөрбөй жана башка чектөө чараларысыз Венгрия өлкөсүнө ээн-эркин кирүүгө кепилдик берет. Бул тууралуу Венгриядагы Казакстандын элчилиги кабарлады. Өз ара келишим чек араларды ачуу жана Будапешт менен Нур-Султан ортосундагы түз аба каттамдарын жандандыруу боюнча алгачкы кадамдардын бири болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков