Баш калаада вирус жуктуруу көрсөткүчү 43% көбөйдү

Баш калаада вирус жуктуруу көрсөткүчү 43% көбөйдү

Акыркы бир жуманын ичинде борбор калаада коронавируска чалдыгуу 43%га көбөйдү. Ооруканага жаткырылгандардын катары калыңдап, бейтаптардын саны өсүүдө.

Мындай маалымат мекемелер аралык комиссиянын жыйынында айтылды. Ошондой эле калкты эмдөө иштери жетишсиз жүрүп жаткандыгы белгиленди. Ушул жылдын бугу айында калкты вакцинациялоо чын куран айына салыштырмалуу 50%га төмөндөгөн. Аныкталган кемчиликтердин негизинде шаардык акимчиликке бир жуманын ичинде эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча кескин чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков