Казакстан: соңку суткада 930 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстан: соңку суткада 930 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда соңку суткада коронавирус жуктургандардын саны 930 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап борбор калаада катталды. Нур-Султандын 215 тургунунда COVID-19 диагнозу ПЧР-тест аркылуу тастыкталды. Андан кийин Караганды облусу турат, мында илдеттин 150 учуру аныкталган. Үчүнчү орунда - Алматы, түштүк калаада 115 адам коронавируска чалдыккан. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 409 миңден ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 21 миңден ашуун казакстандыктар коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатышат. Алардын 6500гө жакыны ооруканага жаткырылган. 1 миллион 668 миң 32 казакстандык буга чейин коронавирустук вакцинанын эки компонентин тең алууга жетишкен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков