Казакстандык онколог беделдүү сыйлык менен сыйланды

Казакстандык онколог беделдүү сыйлык менен сыйланды

Казакстандын башкы онкологу Диляра Кайдарова «Призвание» беделдүү сыйлыгына ээ болду. Дарыгер аталган сыйлыкты Москва шаарында Медицина кызматкерлеринин күнүнүн алдында алды.

Онкология жана радиология илимий-изилдөө институтунун башчысы онкофертилдүүлүк боюнча программанын ийгиликтүү жыйынтыгы үчүн сыйланды. Бул - ата мекендик жана орусиялык илимпоздордун биргелешкен долбоору. «Призвание» - сыйлыгы он жылдан бери дарылоонун жана диагностиканын жаңы ыкмаларын иштеп чыгууда секирик жасаган, ийгиликтүү илимий ачылыштарды ачкан жана дүйнөлүк медицинанын өнүгүшүнө салым кошкон дарыгерлерге ыйгарылып келет.

Диляра Кайдарова, онколог, ркнын улуттук илимдер академиясынын академиги

- Бизде Казакстанда 50дөн ашуун бала ушул жаңы технологиялардын жардамы менен жарык дүйнөгө келди. Ал эми бул номинация рак илдетине чалдыккан энелердин төрөт мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо медицинада жаңы багытты калыптандырганыбыз үчүн берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков