Казакстанда өткөн суткада 1 145 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда өткөн суткада 1 145 адам коронавируска чалдыкты

Казакстанда соңку суткада коронавируска чалдыккандардын саны 1 145 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап борбордо катталды. COVID-19 диагнозу борбор калаанын 343 тургунунан тастыкталды. Мындай жыйынтык менен Нур-Султан шаары коронавирустун жайылышы боюнча «кызыл» зонада кала берүүдө. Андан кийин Караганды облусунда 150, Алматы шаарында 109 бейтап аныкталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 405 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 21 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын 7500гө жакыны ооруканага жаткырылган. 1 миллион 527 миңден ашуун казакстандык коронавирустук вакцинанын эки компонентин тең алды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков