Казакстандын вакцинациялоо паспорту чет элде таанылат

Казакстандын вакцинациялоо паспорту чет элде таанылат

Тоскоолдуксуз саякаттоо. Коронавирус вакцинасын алган казакстандыктар жакын арада Таиландга, Венгрияга жана Монголияга ПЧР-тести жок эле бара алышат. Бул тууралуу борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде тиешелүү мекеменин башчысы Алексей Цой билдирди.

Анын айтымында, аталган мамлекеттер өзүлөрү эмдөө паспортторун өз ара таануу үчүн кайрылышкан. Учурда бардык керектүү иштер жүрүп жатат. Ошондой эле, Цой саламаттык сактоо кызматкерлери вакцинация документинин бардык жерде таанылышы үчүн иштеп жатышканын кошумчалады. Бүгүнкү күндө Казакстанда калкты этап-этабы менен эмдөө өнөктүгү улантылууда. Препараттын тартыштыгы жок. Вакцинаны ушул кезге чейин 2,5 миллиондон ашык адам алды. Алексей Цой 800 тургун кайрадан кооптуу илдетти жугузуп алганы үчүн бардык жарандарды бул эпидемиологиялык жараянды көз жаздымда калтырбоого чакырды.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Муну түшүнүү керек, бир гана Казакстанда эмес, мындай тенденция дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да бар. Европада жана башка жерлерде миңдеген адамдар кайрадан илдет жугузуп жатышат. Ошондуктан вакцина алуу өтө маанилүү. Муну менен жаран өзүн, үй-бүлөсүн жана досторун коргой алат. Биринчи кезекте, бул 60 жаштан жогору курактык топторго жасалышы керек. Айрыкча өнөкөт оорулары барлар үчүн. Эмдөө өнөктүгүнө бардык жарандарды жигердүү катышууга чакырабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков