1 068 казакстандыктан коронавирус аныкталды

1 068 казакстандыктан коронавирус аныкталды

Казакстанда соңку суткада коронавирус жуктургандардын саны 1 068 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап борбор калаада катталган. Бул жерде COVID-19 диагнозу шаардын 294 тургунунан тастыкталды. Андан кийин Караганды облусунда 160, Алматы шаарында 112 бейтаптын кооптуу илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 404 миңден ашты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 21 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын 6500гө жакыны ооруканага жаткырылган. Ушул сааттарга карата өлкөдө 1 миллион 408 миңден ашуун казакстандык коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин тең алды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков