COVID-19: Коронавирус 1 120 адамдан аныкталды

COVID-19: Коронавирус 1 120 адамдан аныкталды

Казакстанда соңку суткада коронавируска чалдыккандардын саны 1120 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап Нур-Султан шаарында катталган. COVID-19 диагнозу 205 тургунда тастыкталды. Андан кийин Караганды облусу келе жатат. Кооптуу илдет 173 адамдан аныкталса, Алматы шаарында 137 бейтап катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдөгү коронавирус жугузган бейтаптардын жалпы саны 399 миңден ашты. Мындан тышкары, 24 сааттын ичинде 1656 казакстандык илдеттен сакайып чыкты.

Ал ортодо Казакстандын борбору кооптуу «кызыл» зонада кала берүүдө. Ал эми Алматы шаарында, Атырау, Акмола, Батыш Казакстан жана Караганды облустарында абал бир аз жакшырганы байкалат. Калган аймактар коопсуз делген «жашыл» аймакта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков