Казакстан: коронавирусту 1 144 адам жуктуруп алды

Казакстан: коронавирусту 1 144 адам жуктуруп алды

Казакстанда соңку суткада коронавируска чалдыккандардын саны 1 144 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап борбордо катталган. COVID-19 диагнозу борбор калаанын 222 жашоочусунда тастыкталды. Андан кийин Караганды облусунда - 160, Алматы шаарында - 126 бейтап катталган. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 398 миңге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 22 миңден ашуун казакстандык коронавируска каршы дарыланып жатат. Алардын 7500дөн ашыгы ооруканага жаткырылган. 1 миллион 264 миңден ашуун казакстандык коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин тең алды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков