Казакстанда өткөн суткада 1000 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 1000 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирус илдетинин көрсөткүчү бир кыйла азайганы байкалууда. Өткөн суткада 1000 адам кооптуу инфекцияны жуктуруп алганы белгилүү болду. COVID-19 диагнозу борбор калаанын 203 тургунунан тастыкталды. Андан кийин Караганды облусунда 142, Алматыда 138 бейтап катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 397 миңге жакындады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 22 миңден ашуун казакстандык коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын 7500дөн ашыгы ооруканага жаткырылган. Кулжа айынын 9на карата өлкөдөгү коронавируска каршы вакцинанын биринчи компонентин 2 млн 326 адам алса, 1 миллион 240 миңден ашуун адам эки компонентти тең алган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков