Нур-Султан коронавирус боюнча «кызыл» аймакта кала берүүдө

Нур-Султан коронавирус боюнча «кызыл» аймакта кала берүүдө

Казакстандын борборунда күн сайын коронавирус жуктуруунун 200гө чейин учуру катталууда. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери билдирди. Сархат Бейсенованын айтымында, жыл башынан бери өлкөнүн баш калаасында 38 миң адамдын кооптуу илдетке чалдыкканы аныкталган. Акыркы үч жумада COVID-19дун таралышы орто эсеп менен 10-19%га чейин төмөндөгөн. Бирок бул көрсөткүч туруктуу эмес. Күн сайын инфекциянын жигердүү очоктору катталып жатат. Эпидемиялогиялык абалдын бир калыпта эместигинен борбор бүгүнкү күндө «кызыл» зонада кала берүүдө.

Сархат Бейсенова, Нур-Султан шаарынын мамлекеттик башкы санитардык дарыгери:

- Коронавируска чалдыккан адамдардын 47,3% коомдук жайларга бир эмес, бир нече жолу барганы аныкталды. Булар коомдук тамактануу жайлары, базарлар жана соода борборлору. Бейтаптардын 0,8% массалык коомдук иш-чараларга катышкан. Ал эми 29,2% коронавирус инфекциясын үй шартында жакындарынан жуктуруп алышкан. Коомдук мекемелерге «Ashyq» тиркемесин киргизген күндөн баштап, ушул күнгө чейин обочолонуу режимин бузган 3140 адам аныкталган.

«Кызыл» же «сары» макамы бар жүзгө жакын адам эл көп чогулган коомдук жайларга бир эмес, бир нече жолу барышкан.

Эске салсак, буга чейин баш калаадагы миңден ашуун ишкердик субъекттери «Ashyq» тиркемесин колдонуу үчүн QR-коддорун алышкан. Жакынкы күндөрү дагы 40ка жакын коомдук тамактануу ишканалары долбоорго кошулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков